# 129-статья. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү узартуу же которуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 марта 2009 года № 103 "О внесении дополнений и изменений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203130)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220584..1220585>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 129-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-129

---

Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү төмөнкүдөй учурларда узартылышы мүмкүн:

- кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыз болсо;

- эгерде мыйзамда бул үчүн жумуштан бошотуу каралса, кызматкер акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнүн учурунда мамлекеттик милдеттерди аткарса;

- мыйзамдарда, жамааттык келишимдерде же уюмдун локалдуу ченемдик актыларында каралган башка учурларда.

Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүндө айтылган себептер өргүү башталганга чейин келип чыкса, өргүү кызматкердин каалоосу боюнча кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу менен аныкталчу ошол жылдын башка мезгилине которулат. Кызматкер иш берүүчүгө өргүүнүн пландаштырылган мөөнөтүн пайдаланууга тоскоол болгон себептерди жана өргүүнү узартуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Эгерде кызматкерге өргүү мезгили үчүн акы өз убагында төлөнбөсө же кызматкер өргүүнүн башталыш убактысы жөнүндө ал башталаарына 2 жума калгандан кечирээк эскертилсе, өргүү кызматкердин арызы боюнча башка мөөнөткө которулат. Кызматкерге үстүдөгү жылы өргүү берүү уюмдун ишинин кадимкидей жүрүшүнө терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон өзгөчө учурларда, кызматкердин макулдугу менен өргүүнү кийинки иш жылына которууга жол берилет. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү 2 жыл катары менен бербей коюуга, ошондой эле 18 жашка чейинки кызматкерлерге жана эмгек шарты зыяндуу жана (же) коркунучтуу жумуштарда иштеген кызматкерлерге акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү бербей коюуга тыюу салынат. Жыл сайын төлөнүүчү өргүү төлөнбөгөн учурда кызматкер өргүүгө чыкпаган баардык жылдар үчүн аны пайдалануу же акчалай компенсация алуу укугун жоготпойт. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [128-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-128)  
Кийинки берене: [130-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-130)
