# 125-статья. Иш жылына киргизилүүчү, акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү алууга укук берүүчү мезгилдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 125-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-125

---

Акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүү алууга укук берүүчү иш жылына төмөндөгүлөр кирет: иш жүзүндөгү иштеген убактысы; кызматкер иш жүзүндө иштебеген, бирок мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык анын жумуш (кызмат оруну) орду, анын ичинде ар жылдык өргүү убактысы сакталган убактысы; жумуштан мыйзамсыз бошотулган же четтетилген жана кийин мурдагы жумушуна кайра алынган учурдагы ишке аргасыз чыкпаган убактысы; жамааттык келишимде, эмгек келишиминде же уюмдун локалдуу ченемдик актысында каралган убакыттын башка мезгилдери. Акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүү алууга укук берүүчү иш жылына киргизилбеген мезгилдер: кызматкер жумушка жүйөлүү себепсиз (анын ичинде ушул Кодекстин 76-статьясында каралган учурларда иштен четтетилгендигинен улам) келбеген убактысы; бала мыйзамда белгиленген жашка чыкканга чейин аны багуу боюнча өргүү убактысы; кызматкердин өтүнүчү боюнча эмгек акысы сакталбастан 14 календардык күндөн ашык мөөнөткө берилүүчү өргүүлөрдүн убактысы. Эмгек шарты зыяндуу жана (же) коркунучтуу жумуш үчүн акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүүгө укук берүүчү иш жылына убакыттын тийиштүү шартына иш жүзүндө иштелген убакыт гана киргизилет.

---

Мурунку берене: [124-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-124)  
Кийинки берене: [126-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-126)
