# 122-статья. Жумуш күнү ченемге салынбаган кызматкерлерге акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 122-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-122

---

Жумуш күнү ченемге салынбаган кызматкерлерге ар жылдык кошумча өргүү берилет, анын узактыгы жамааттык келишимде же уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелеринде аныкталат жана ал үч календардык күндөн аз болушу мүмкүн эмес. Мындай өргүү берилбеген учурда, жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан ашык иштелген убакыт кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен мөөнөтүнөн ашыкча иштөө катары компенсацияланат. Республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдарда жумуш күнү ченемге салынбаган кызматкерлерге акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ал эми жергиликтүү бюджеттен каржылануучу уюмдарда - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [121-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-121)  
Кийинки берене: [123-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-123)
