# 112-статья. Дем алыш күндөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 марта 2009 года № 103 "О внесении дополнений и изменений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203130)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220584..1220585>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 112-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-112

---

Бардык кызматкерлерге дем алыш күн берилет (жума сайын үзгүлтүксүз эс алуу). Жума сайын эс алуучу күндөр дем алыш күн деп эсептелет. Беш күндүк жумуш жумасында жумасына 2 дем алыш күн берилет, алты күндүк жумуш жумасында 1 дем алыш күн берилет. Жекшемби (эреже катары) жалпы дем алыш күн деп эсептелет. Өндүрүштүн мүнөзүнө жараша экономиканын белгилүү секторлорунда жамааттык макулдашууда жана эмгек келишиминде жуманын башка күнү дем алыш күн деп аныкталышы мүмкүн. Беш күндүк жумуш жумасында экинчи дем алыш күн, эгерде тараптардын макулдашуусу боюнча башкача аныкталбаса, ички эмгек тартибинин эрежелери же иштөө графиги менен белгиленет. Эреже катары, эки дем алыш күн катары менен удаа берилет. Өндүрүштүк-техникалык жана уюштуруу шарттары боюнча дем алыш күндөрдө жумушту токтотууга мүмкүн болбогон уюмдарда дем алыш күндөр жуманын ар кайсы күндөрүндө уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелерине ылайык кызматкерлердин ар бир тобуна кезек менен берилет. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [111-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-111)  
Кийинки берене: [113-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-113)
