# 111-статья. Жылынуу жана эс алуу үчүн атайын тыныгуулар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 111-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-111

---

Жумуштардын айрым түрлөрүндө кызматкерлерге жумуш убактысынын учурунда технология жана өндүрүштүн уюштурулушу, эмгектин шарттары менен шартталган атайын тыныгууларды берүү каралат. Ушул жумуштардын түрлөрү, ушундай тыныгууларды берүүнүн узактыгы жана тартиби уюмдун ички жумуш тартибинин эрежелери менен аныкталат. Жылдын суук мезгилинде ачык жерде же жабык жылытылбаган жайларда иштеген кызматкерлерге, ошондой эле жүктөө-түшүрүү жумуштарын аткарган жүктөп-түшүрүүчү жана башка кызматкерлерге мыйзамдарда жана жамааттык келишимде каралган учурларда жылынуу жана эс алуу үчүн атайын тыныгуулар берилет, ал жумуш убактысына кошулат. Иш берүүчү кызматкердин жылынуусу жана эс алуусу үчүн жабдылган жай менен камсыз кылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [110-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-110)  
Кийинки берене: [112-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-112)
