104-статья. Жумуш убактысын бөлүктөргө бөлүү
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 10-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Эмгектин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу бул зарыл болсо, ошондой эле ургаалдуулугу жумуш күнүнүн (кезметтин) ичинде бирдей болбогон жумуштарды аткарууда, жумуш убактысынын жалпы узактыгы күндөлүк жумуштун белгиленген узактыгынан ашпашы үчүн жумуш күнү бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн. Жумуш күнүн бөлүктөргө бөлүү жүргүзүлгөн иштердин түрлөрү, жумуштагы тыныгуулардын саны жана узактыгы, ошондой эле кызматкерлерге ушундай шарт менен жумушу үчүн берилүүчү компенсациянын түрлөрү жана өлчөмдөрү жамааттык келишим, макулдашуулар менен же иш берүүчү тарабынан кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча аныкталат. Жумуш күнүнүн ичиндеги тыныгуулардын убактысы жумуш убактысына кошулбайт.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
104-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-104" title="104-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>