# 101-статья. Жумуш убактысынын режими

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 101-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-101

---

Жумуш убактысынын режими жумуш жумасынын узактыгын (2 дем алышы менен беш күндүк, 1 дем алышы менен алты күндүк, өзгөрүлмө дем алыш күндөрүн берүү менен жумуш жумасын график боюнча кызматкерлердин айрым категориялары үчүн ченемге салынбаган жумуш күндөгү жумушту, күндөлүк (кезметтик) жумуштун узактыгын, жумуштун башталган жана аяктаган убактысын, жумуштагы тыныгуулардын убактысын, суткадагы кезметтин санын, жумуш жана жумуш эмес күндөрдүн алмашуусун караштырууга тийиш, булар ушул Кодексте белгиленген жумуш убактысынын узактыгын сактоо менен жамааттык келишимде же уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелеринде белгиленет. Транспорттун, байланыштын жана жумуштун өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин жумуш убактысынын режиминин жана дем алуу убактысынын өзгөчүлүктөрү ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актылары менен аныкталат. Жумуш убактысынын белгиленген режими кызматкерлерге ал колдонууга киргизгенге 2 жумадан кечиктирилбестен билдирилет.

---

Мурунку берене: [100-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-100)  
Кийинки берене: [102-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-102)
