Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
100-статья. Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча жумуш убакытынын ченемдүү узактыгынан тышкары иштөө (мөөнөтүнөн ашык иштөө)
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 10-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Кызматкер иш берүүчүнүн демилгеси боюнча жумуш убактысынын, күндөлүк иштин (кезметтин) белгиленген узактыгынан ашыкча, ошондой эле эсепке алынган мезгилдин ичинде жумушчу сааттардын ченемдүү санынан ашык иштелген иш мөөнөтүнөн ашык иштөө деп эсептелет. Мөөнөтүнөн ашык иштөөгө тартуу иш берүүчүнүн сунушу, тескемеси боюнча же иш берүүчүгө айтылып жана кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Оор кара жумушта, эмгек шарттары зыяндуу жумуштарда же кооптуу жумуштарда иштеген кызматкерлерди мөөнөтүнөн ашык иштөөгө тартууга төмөндөгү учурлардан тышкары тыюу салынат:
1) өлкөнүн коргонуусу үчүн, ошондой эле өндүрүштөгү кыйроону болтурбоо же өндүрүштөгү кыйроонун же табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл иштерди аткарууда;
2) суу, газ, жылуулук, жарык, канализация, транспорт, байланыш менен жабдуу боюнча коомдук зарыл иштерди аткаруу - алардын кадимкидей иштешине кедерги болгон капилет жагдайларды жоюу үчүн;
3) башталган иш өндүрүштүн техникалык шарттарына байланыштуу токтоп калышынан улам жумуш сааттарынын ченемдүү санынын ичинде аткарылбай (бүтүрүлбөй) калышы мүмкүн болсо, эгерде ушул иштин аткарылбай (бүткөрүлбөй) калышы иш берүүчүнүн мүлкүнүн, мамлекеттик же муниципалдык мүлктүн бузулушуна же жок болушуна, болбосо адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирсе;
4) кызматкерлердин көпчүлүгүнүн ишти токтотушуна алып келиши мүмкүн болгон учурларда механизмдерди жана курулмаларды оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди аткарууда;
5) эгерде жумушту үзгүлтүккө учуратууга болбосо, жумушту улантуу үчүн ордун алмаштыруучу кызматкер келбей калса. Мындай учурларда иш берүүчү кезметчини башка кызматкер менен алмаштырууга токтоосуз чара көрүүгө милдеттүү.
Мөөнөтүнөн ашык иштөө ар бир кызматкер үчүн 2 күн ууда 4 сааттан ашпоого тийиш. Эгерде медициналык жактан көрсөткүчтөр мындай жумушту иштөөгө тыюу салынбаса, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана кош бойлуу аялдарды мөөнөтүнөн ашык иштөөгө тартууга жол берилет. 18 жашка чыга элек кызматкерлерге мөөнөтүнөн ашык иштөөгө жол берилбейт. Иш берүүчү ар бир кызматкер аткарган мөөнөтүнөн ашык иштелген ишти так эсепке алынышын камсыз кылууга милдеттүү. Анын эсеби жөнүндө маалымат кызматкердин талабы боюнча берилет.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-100" title="100-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>