# 8-статья. Социалдык фонддун ишин координациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1502)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-августундагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 февраля 2005 года №30 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Социальном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1626)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1502#diff=1268403..1268404>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1437/edition/1268403/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1502/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө, 8-статья (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-8

---

Социалдык фонддун ишин мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун өзалдынча башкаруу тутумунун органы болуп саналган жана тутумдун бардык катышуучуларынын (мамлекет, иш берүүчүлөр, кесиптик бирликтер, пенсия жана саламаттык сактоо жагынан жарандардын таламдарын билдирүүчү коомдук бирикмелер жана уюмдар) бирдей өкүлчүлүгүнүн принциби боюнча түзүлүүчү Мамлекеттик Социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоо жүргүзүү кеңеши координациялайт. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоо жүргүзүүчү кеңеш социалдык камсыздандыруунун макулдашылган саясатын иштеп чыгууну, ошондой эле социалдык камсыздандыруунун тутумунун катышуучу катары Социалдык фонддун финансы жана укук жагындагы аудитине контролду жүзөгө ашырат; ченемдик укуктук базаны даярдоо боюнча ишти координациялайт, төгүмдөрдүн тарифи жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун бюджети боюнча сунуштарды даярдайт. (КР 2005-жылдын 13-февралындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-9)
