# 5-статья. Социалдык фонддун бюджети жана отчеттуулугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1502)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-августундагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1502#diff=1268417..1268418>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1437/edition/1268403/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1502/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө, 5-статья (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-5

---

1. Социалдык фонд өз алдынча бюджетке ээ. Ушул мыйзамда белгиленген Социалдык фонддун өздүк киреше булактарынын болушу Социалдык фонддун бюджетинин өз алдынчалыгынын негизи болуп саналат.

2. Социалдык фонддун бюджеттик системасын Пенсиялык фонддун, Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Эмгекчилердин ден соолугун чындоо фондунун бюджеттери түзөт.

3. Эсептик мезгил финансылык жылды жана ал аяктагандан кийинки бир айдан ашпаган мезгилди камтыйт, анын аралыгында, пенсиялык милдеттенмелерди кошпогондо, отчёттук жыл үчүн бюджетти аткаруунун алкагында кабыл алынган милдеттенмелер боюнча операциялар бүткөрүлөт.

4. Социалдык фонддун кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджетинин жана анын аткарылышы жөнүндө отчётунун долбоорлору жыл сайын Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыгат.

5. Социалдык фонддун бюджетинин жана анын аткарылышы жөнүндө отчётунун долбоорлору Байкоочу кеңеш менен макулдашылат.

6. Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышынын аудити Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлөт.

7. Социалдык фонддун бекитилген бюджетинин аткарылуу процессине башка органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

8. Ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында Социалдык фонд квартал сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында финансылык отчётторду жарыялап турат. Социалдык фонддун финансылык отчётторунун түзүмү, даярдоо жана жарыялоо тартиби Социалдык фонддун башкармасы тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-6)
