# 4-статья. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун жана Социалдык фонддун каражаттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1502)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-августундагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1502#diff=1268417..1268418>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1437/edition/1268403/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1502/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө, 4-статья (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-4

---

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун каражаттары иш берүүчүлөрдүн жана жарандардын милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлөт.

2. Социалдык фонддун каражаттары төмөнкүдөй киреше булактарынын эсебинен түзүлөт:

- пенсиялык топтоолорду кошпогондо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун каражаттарынан;

- Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондуна түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүн жана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо боюнча операциялардан алынган инвестициялык кирешелерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш берүүчүлөрдүн, иштеген жарандардын жана башка адамдардын камсыздандыруу төгүмдөрүнөн;

- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган республикалык бюджеттен ассигнованиелерден;

- камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана толук которбогондугу үчүн туумдардан, айыптардан жана пайыздардан;

- регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлгөн каражаттардан;

- эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияларды төлөөгө иш берүүчүлөр которгон каражаттардан;

- жоюлуп жаткан ишканалардын кызматкерлерине пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө үчүн капиталдаштырылган суммалардан;

- Социалдык фондго таандык ишканалардын акциялары боюнча дивиденддерден;

- Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын жана чет өлкөлүк жарандардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;

- Социалдык фонддун бош каражаттарын жайгаштыруудан алынган кирешелерден;

- Социалдык фондго таандык, анын ичинде ыкчам башкаруу укугундагы мүлктү сатуудан жана ижарага берүүдөн алынган кирешелерден, толук көлөмдө;

- акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелерден;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн.

3. Социалдык фонддун каражаттары төмөнкүлөрдү каржылоого жумшалат:

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөнү;

- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарына ылайык эмгектик мертинүү же кесиптик оору боюнча компенсацияларды төлөөнү;

- милдеттүү медициналык камсыздандырууну;

- камсыздандырылган адамдардын жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды;

- Социалдык фонддун учурдагы ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну;

- резервдик фонддорду жана өнүктүрүү фонддорун.

4. Социалдык фондго түшкөн каражаттарды каржылануучу фонддор боюнча бөлүштүрүү Социалдык фонддун учурдагы ишинин чыгымдарын, пенсияларды жеткирүү жана төлөө чыгымдарын каржылоого жиберилүүчү суммаларды алып салгандан кийин жүзөгө ашырылат. Социалдык фонддун учурдагы ишинин чыгымдары жыл сайын түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен каржыланат жана алардын жалпы көлөмүнүн 3 пайызынан ашпоого тийиш. Почталык байланыш уюмдары тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгымдардын ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет, банк уюмдары тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгымдардын ченемдери мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-5)
