# 3-статья. Социалдык фонддун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1502)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-августундагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.07.2023 [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635); 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 13.05.2020 [Закон КР от 13 мая 2020 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам администрирования сбора страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/112060); 17.11.2016 [Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111457); 03.08.2015 [Закон КР от 3 августа 2015 года № 212 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111256); 22.05.2015 [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158); 29.10.2012 [Закон КР от 29 октября 2012 года № 175 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203775); 21.06.2011 [Закон КР от 21 июня 2011 года № 50 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Социальном фонде Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203294); 25.02.2010 [Закон КР от 25 февраля 2010 года № 35 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202924); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 219 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Социальном фонде Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203182)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1502#diff=1268418..1268419>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1437/edition/1268403/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1502/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө, 3-статья (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-3

---

Коюлган милдеттерге жетишүү үчүн Социалдык фонд төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

- уюмдаштыруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жана жеке жактардын (анын ичинде чет өлкөлүк) ишин белгиленген тартипте иликтеп чыгууга, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын чыгымдоо маселелери боюнча зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды алууга;

- мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон камсыздандыруучулар жана камсыздандырылган адамдар жөнүндөгү маалыматты, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген тартипте салык декларациясы тууралуу жана башка маалыматтарды салык кызматынын органдарынан алууга;

- юридикалык жактын кызмат адамдарынан, жеке жактардан (пенсияларды, жөлөкпулдарды, компенсацияларды, Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, төлөөгө кетүүчү каражаттарды чыгымдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды четтетүүнү талап кылууга;

- (бешинчи абзац (КР 2015-жылдын 3-августундагы № 212 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу;

- (жетинчи абзац КР 2020-жылдын 13-майындагы № 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (сегизинчи абзац КР 2020-жылдын 13-майындагы № 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана укук коргоо органдарына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптары бузулгандыгы жөнүндө маалыматты жана материалдарды берүүгө;

- (онунчу абзац (КР 2015-жылдын 3-августундагы № 212 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- банктарда эсептерин ачууга;

- убактылуу бош каражаттардын банктардагы кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштырууга, жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген башка баалуу кагаздары менен операцияларды жүзөгө ашырууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген пенсиялык топтоолордун каражаттарын активдерге жайгаштырууга;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды сатып алууга жана сатууга;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн резервдик фонддорду, ошондой эле өнүктүрүү фонддорун түзүүгө. Резервдик фонддорду жана өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу тартиби Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш тарабынан аныкталат;

- заемдук каражаттарды тартууга;

- Социалдык фонддун таламдарын коргоо үчүн зарыл болгон доолорду коюуга же башка укуктук аракеттерди жасоого;

- (он сегизинчи абзац (КР 2015-жылдын 3-августундагы № 212 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан Социалдык фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга;

- белгиленген тартипте эларалык кызматташууга, пенсиялар жана жөлөкпулдар маселелери боюнча Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышууга;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте конкурстун жыйынтыгы боюнча тандалып алынган пенсиялык системанын топтоо бөлүгүнө адистештирилген депозитарий жана компаниялардын башкаруучулары менен келишим түзүүгө;

- адистештирилген депозитарий менен башкаруучу компаниялардын пенсия топтоо каражаттарын түзүү жана инвестирлөө боюнча ишмердигинин финансылык жыйынтыктары жөнүндө алардын отчетторун кароого.

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын жөнгө салуу жана жеке маалыматтар менен иштөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чегинде башка жеке маалымат кармоочуларында (ээлеринде) болгон жеке маалыматтарды суратууга, алууга, иштеп чыгууга жана берүүгө, анын ичинде түздөн-түз мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында гана жеке маалымат субъектинин макулдугусуз;

Социалдык фонд:

- (экинчи абзац КР 2020-жылдын 13-майындагы № 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебин жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

- мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда камсыздандырылган адамдардын камсыздандыруу менен камсыз болушун алууга болгон укуктарын камсыз кылууга;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган адамдарга пенсиялар, пенсиялык топтоо каражаттары менен жөлөкпулдарды эсептөөнүн жана жалаң гана акчалай түрүндө туура жана өз убагында жүргүзүлүшүн камсыз кылууга;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык системанын топтоо бөлүгү үчүн боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтер долбоорун иштеп чыгууга;

- Социалдык фонддун бюджетинин долбоорун иштеп чыгууга жана Социалдык фонддун компетенциясынын чегинде аталган бюджеттин аткарылышын камсыз кылууга;

- Социалдык фонддун финансылык абалы жөнүндө камсыздандыруучуларды, камсыздандырылган адамдарды, мамлекеттик жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын компетенциясынын чегинде коомдук уюмдарды белгиленген тартипте маалымдоого жана Социалдык фонддун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;

- камсыздандырылуучулар, камсыздандырылган адамдар жана компаниялардын башкаруучулары тарабынан берилген маалыматтардын камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсептерине өз убагында киргизилишин камсыз кылууга, ошондой эле алардын ишенимдүү сакталышына;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү маалыматтарды эске алуу менен жылына бир жолу камсыздандырылган адамдарды жеке камсыздандыруу эсептеринен пенсиялык топтоолору жөнүндө маалымат менен камсыз кылууга;

- маалыматты (жекече маалыматтарды) санкциясыз алуу мүмкүнчүлүгүнөн коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылууга;

- мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылар тууралуу камсыздандыруучуларга жана камсыздандырылган адамдарга маалымдоого жана консультация берүүгө;

- (он үчүнчү абзац (КР 2015-жылдын 3-августундагы № 212 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (он төртүнчү абзац КР 2020-жылдын 13-майындагы № 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (он бешинчи абзац КР 2015-жылдын 3-августундагы № 212 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- 2019-жылдын 1-январына чейинки мезгил үчүн эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү, туумдар, айыптар жана башка финансылык санкциялар боюнча карыздардын суммаларын төлөөчүдөн өндүрүү жөнүндө маалыматты камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө;

- отчетту бекиткенге жогорку органдарга өз убагында берип турууга милдеттүү;

- пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана мөөнөттөрдө пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруучу компанияларга өткөрүп берүүгө;

- пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоого байланышкан чыгымдарды төлөөгө;

- пенсиялык топтоо каражаттарын, аларды жайгаштырууну, алынган инвестициялык кирешелерди өзгөчөлөнгөн каттоо жүргүзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо эсептерине пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыктарын чагылдырууга;

- камсыздандырылган адамдын пенсиялык активдерин анын арызы боюнча пенсиялык топтоо фонддоруна жиберүүгө;

- пенсиянын топтоо бөлүгүн жана пенсиялык топтоо каражаттарын төлөп берүүнү жүргүзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууларды кароого.

Социалдык фонд өзүнүн компетенциясына таандык болгон иш-милдеттердин аткарылышына жооп берет. Өзүнүн компетенциясына таандык болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышат. (5-бөлүгү КР 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Социалдык фонддун бюджетинин каражаттарын бөлүштүрүүчү Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду болуп саналат. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 13-февралындагы № 30, 2005-жылдын 30-июнундагы № 84, 2006-жылдын 30-октябрындагы № 177, 2009-жылдын 15-июлундагы № 219, 25 февраля 2010 года № 35, 21 июня 2011 года № 50, 2012-жылдын 29-октябрындагы №175, 22 мая 2015 года № 115, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2020-жылдын 13-майындагы № 54, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-4)
