# 11-статья. Социалдык фонддун мүлкү жана акчалай каражаттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1502)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-августундагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574); 17.11.2016 [Закон КР от 17 ноября 2016 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111457)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1502#diff=1268417..1268418>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1437/edition/1268403/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1502/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө, 11-статья (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-11

---

Социалдык фонддун мүлкү жана акчалай каражаттары мамлекеттин менчигинде турат. Социалдык фонддун акчалай каражаттары мамлекеттик бюджеттин курамына кирбейт, алынып коюлбайт жана салык, салыктык эмес төлөмдөр жана комиссиялык жыйымдар салынбайт. Ыйгарым укуктуу органдардын маалымат базаларынан Социалдык фондго маалыматтарды берүү акысыз жүзөгө ашырылат. Социалдык фонд өзүнө таандык болгон акчалай каражаттарга, имараттарга, курулуштарга, дагы башка материалдык баалуулуктарга жана мүлктөргө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-12)
