# 10-статья. Социалдык фонддун региондук органдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1502)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-августундагы № 103 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1437/edition/1268403/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1502/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө, 10-статья (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-10

---

Социалдык фонддун региондук органдары юридикалык жактар болуп саналат. Социалдык фонддун региондук органдарынын ишинин укуктук жана уюштуруу негиздери Социалдык фонддун башкармалыгы тарабынан бекитилүүчү Социалдык фонддун органдары жөнүндө Жобо менен аныкталат. Социалдык фонддун региондук органдары Социалдык фонддун башкармалыгынын чечими боюнча түзүлөт, кайра уюштурулат жана ишин токтотот. Ведомствого караштуу региондук органдардын ишине контроль жүргүзүү Социалдык фонд тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Башкармалыктын чечимдери, Социалдык фонддун төрагасынын буйруктары менен тескемелери Социалдык фонддун региондук органдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1502/st-11)
