# Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 27-июлунун №100 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жонундо кодексине толуктоолор киргизуу тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 27-июлунун №100 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жонундо кодексине толуктоолор киргизуу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.07.2004
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1499>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1434/edition/284639/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1499.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 27-июлунун №100 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жонундо кодексине толуктоолор киргизуу тууралу" Мыйзамы (27.07.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1499

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2004-жылдын 27-июлу № 100

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1499/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-жыл, N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 92-статьяда: статьянын аталышы "азыктарын" деген сөздөн кийин "жана мамлекеттик стандартка ылайык келбеген тузду" деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөнкү мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттарына ылайык келбеген тамак-аш тузун сатып өткөрүү - йодоштуруу үчүн продукциясын алып коюу менен эң аз айлык акынын ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1499/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

2004-жылдын 8-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
