# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-февралындагы №49 Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-февралындагы №49 Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.02.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14963>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-1177/edition/543783/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14963.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-февралындагы №49 Буйругу (04.02.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14963

---

КР Президентинин 2011-жылдын 3-ноябрындагы ПБ № 164 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 4-февралы ПБ № 49

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

Чегара коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттик чегараны комплекстүү башкаруу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү чөйрөсүндө мамлекет- тик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында:

1. Тиркемеге ылайык курамда мамлекеттик чегараны комплекстүү баш-

каруу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлсүн.

2. Комиссия алдында турган маселелерди чечүү үчүн белгиленген тар-

типте төмөнкүлөргө укуктуу экендиги аныкталсын.

- аткаруу бийлик, мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрүн,

атамекендик жана чет өлкөлүк эксперттерди тартууга (макулдашуу боюнча);

- маалыматтарды суратууга, мамлекеттик чегараны комплекстүү башка-

руу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жаатында министрликтер жана ведомстволор тарабынан өткөрүлүүчү ишчараларга мониторинг жүргү- зүүгө.

3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрация-

лык ведомстволордун, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетек- чилери Комиссиянын ишине жардам берсин.

4. Комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Чегара

кызматы аныкталсын.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Коопсуздук кењешинин аппаратына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-февралындагы № 49 буйругунун тиркемеси

Мамлекеттик чегараны комплекстүү башкаруу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ

Мамытов Токтокүчүк - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин Болотбекович катчысы, Комиссиянын төрагасы; Молдошев Замир - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Мурзабекович төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орунбаса- ры.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Суранчиев Абдулда - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми- Шергазиевич нистрациясынын коргоо жана коопсуздук иштер боюнча бөлүмүнүн башчысынын орунбасары; Амираев Рахмат - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты- Убайдуллаевич нын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кыр- даалдар бөлүмүнүн башчысы; Кыдыров Талайбек - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер минист- Тургунбаевич ринин биринчи орунбасары; Субанов Темиркан - Кыргыз Республикасынын ички иштер минист- Усурканович ринин орунбасары; Исаков Эркин - Кыргыз Республикасынын транспорт жана ком- Абдыкасиевич муникациялар министринин орунбасары; Дүйшеев Нурлан - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана Арстанбекович кайра иштетүү өнөржай министринин орунбаса- ры; Абдикаримов Сабиржан - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо Токтосунович министринин орунбасары - башкы санитардык врач; Кулматов Кубанычбек - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы ко- Кењешович митетинин төрагасынын биринчи орунбасары; Сабыров Токтосун - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке Ырыскельдиевич орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орунбасары; Мамасадыков Рустам - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугу- Алайбекович нун мамлекеттик комитетинин төрагасынын орунбасары; Орозалиев Виталий - Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарга кон- Керимович ролдук боюнча агенттигинин директорунун орунбасары.
