# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-октябрындагы № 237 Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-октябрындагы № 237 Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14958>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-1172/edition/1125858/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14958.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-октябрындагы № 237 Буйругу (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14958

---

КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 25-октябры ПБ № 237

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

Салык мыйзамдарын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын салык ор- гандарынын ишин оптималдаштыруу, ошондой эле ишкердик субъекттеринин иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редакциясынын дол-

боорун киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жал- пылоо жана жеткире иштеп чыгуу боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн комиссия төмөнкүлөргө

укуктуу экендиги белгиленсин:

- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органда-

рынын өкүлдөрүн, эксперттерди жана консультанттарды (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте тартууга, убактылуу эксперттик жумушчу топторду түзүүгө;

- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-

гандарынан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга.

3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жер- гиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилери комиссияга анын ишинде ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы комиссиянын

иши үчүн зарыл шартты камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 13-январындагы

№ 3 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

7. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-октябрындагы № 237 буйругунун тиркемеси

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редакциясынын долбоорун киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жалпылоо жана жеткире иштеп чыгуу боюнча комиссиянын КУРАМЫ

Дикамбаев Азамат - Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист- Шамильевич рациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы комиссиянын төрагасы; Аширов Бактыбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист- Асанбекович рациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысынын орунбасары, комиссиянын төрагасынын орунбасары.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Капаров Мырза - Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист- Нуралиевич рациясынын укуктук саясат бөлүмүнүн эксперти; Бегматов Тимур - Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист- Дубашевич рациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти; Ким Татьяна - "Салык консультанттарынын палатасы" коомдук би- Михайловна рикмесинин төрайымы (макулдашуу боюнча); Асылбеков Таалай - Эларалык ишкер кењешинин аткаруучу директору Рахманович (макулдашуу боюнча); Красников Андрей - аудитор, салык консультанты (макулдашуу боюн- Алексеевич ча); Антонова Татьяна - аудитор, салык консультанты (макулдашуу боюн- Петровна ча).
