# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 6-августундагы № 165 " Кыргызстанда Европалык университетти түзүү боюнча долбоордук сунушту даярдоо боюнча жумушчу топ төмөнкүдөй курамынын түзүлүшү жөнүндө" Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 6-августундагы № 165 " Кыргызстанда Европалык университетти түзүү боюнча долбоордук сунушту даярдоо боюнча жумушчу топ төмөнкүдөй курамынын түзүлүшү жөнүндө" Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14947>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-1164/edition/1163410/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14947.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 6-августундагы № 165 " Кыргызстанда Европалык университетти түзүү боюнча долбоордук сунушту даярдоо боюнча жумушчу топ төмөнкүдөй курамынын түзүлүшү жөнүндө" Буйругу (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14947

---

КР Президентинин 2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 6-августу ПБ № 165

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

Европалык Шериктештик менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө 1995-жылдын 9-февралындагы Макул- дашуунун алкагында Кыргызстанда Европалык университетти түзүү жөнүндө долбоордук сунушту даярдоо максатында, ошондой эле Болонья процессинин алкагында жогорку билим берүү жагынан интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө Европалык Комиссиянын таламдаштыгын эске алып:

1. Кыргызстанда Европалык университетти түзүү боюнча долбоордук

сунушту даярдоо боюнча жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн: Мадумаров Адахан - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кимсанбаевич жумушчу топтун жетекчиси; Осмоналиев Каныбек - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Осмоналиевич министри, жумушчу топтун жетекчисинин орунба- сары; Абдиева Марипа - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми- Төлөмүшовна нистрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн социалдык жана гендердик са- ясат секторунун башчысы; Эсенкулов Нурмамат - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жокенович билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; Ибраимов Эрмек - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри- Султанович нин орунбасары; Рыскулуева Фарида - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Имашевна министрлигинин стратегиялык жана аналитикалык иштер бөлүмүнүн начальниги; Адамкулова Чынара - Жусуп Баласаган атындагы Кыргыз Улуттук уни- Үсөнбековна верситетинин Кыргыз-Европалык факультетинин деканы.

2. Европалык Комиссиянын делегациясынан өкүл (макулдашуу боюнча)

киргизилсин.

3. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргызстанда Европалык Универси-

тетти түзүү жана жайгаштыруу маселесин иштеп чыксын жана укуктук, фи- нансылык жана билим берүү аспекттерин эске алуу менен долбоордук сунуш- ту даярдасын.

4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
