# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июнундагы №136 буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июнундагы №136 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14941>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-1159/edition/1204773/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14941.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июнундагы №136 буйругу (28.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14941

---

КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПТ N 249 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 18-июну №136

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө макулдашылган чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу маселелеринде республиканын министрликтери менен ведомстволорунун ишин координациялоо максатында:

1. №1 тиркемеге ылайык кызмат орду боюнча курамда

маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.

2. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери

боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин (№2 тиркеме).

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун

мамлекеттик комитети аталган Ведомстволор аралык комиссиянын аткаруучу органы болуп санала тургандыгы жана жыйналыштарды уюштуруу жана өткөрүү маселесин кошуп алганда анын ишин камсыз кыла тургандыгы белгиленсин.

4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин аппаратына жүктөлсүн.

5. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18 юнундагы № 136 буйругунун №1 тиркемеси

Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин катчысы - Комис сиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин төрагасы - Комиссиянын төрагасынын орунбасары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри - Комиссиянын төрагасынын орунбасары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин кызматкери - Комиссиянын жооптуу катчысы

Комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орунбасары

- Башкы штабдын начальниги

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орунбасары Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орунбасары Кыргыз Республикасынын финансы министринин орунбасары Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин статс - катчысы Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орунбасары Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орунбасары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун- басары Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин дирек- торунун орунбасары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресу- рстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин директорунун орунбасары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минис- трлигинин байланыш жана маалыматташтыруу башкармасынын началь- ниги
