# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-июнундагы № 126 “Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө” Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-июнундагы № 126 “Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө” Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14940>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-1158/edition/295073/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14940.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-июнундагы № 126 “Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө” Буйругу (01.06.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14940

---

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2007-жылдын 1-июну № 126

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

“Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик

администрациялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана анын

ченемдерине негизделген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:

1. 2007-жылдын 11-июнуна Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун

Каракол шаарынын жана 2007-жылдын 12-июнуна Кыргыз Республикасынын

Ысыккөл облусунун Балыкчы шаарынын мэрлерин шайлоо дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Каракол жана Балыкчы

шаарларынын мэрлериннн кызмат орундарына талапкерлерди сунуш кылуу

боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү болуп Кыргыз

Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана

мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Бакашев

Мирадил Амангелдиевич дайындалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясы Каракол жана Балыкчы шаардык кењештери менен

бирдикте Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Каракол жана Балыкчы

шаарларынын мэрлерин шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын

мыйзамына ылайык уюштурсун.

4. Бүл буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана

мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
