Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө” Буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2007-жылдын 1-июну № 126
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
“Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик
администрациялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана анын
ченемдерине негизделген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
1. 2007-жылдын 11-июнуна Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун
Каракол шаарынын жана 2007-жылдын 12-июнуна Кыргыз Республикасынын
Ысыккөл облусунун Балыкчы шаарынын мэрлерин шайлоо дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Каракол жана Балыкчы
шаарларынын мэрлериннн кызмат орундарына талапкерлерди сунуш кылуу
боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү болуп Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана
мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Бакашев
Мирадил Амангелдиевич дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук комиссиясы Каракол жана Балыкчы шаардык кењештери менен
бирдикте Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Каракол жана Балыкчы
шаарларынын мэрлерин шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын
мыйзамына ылайык уюштурсун.
4. Бүл буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана
мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- О местном самоуправлении и местной государственной администрацииЗакон · 12.01.2002 · № 5 · Күчүн жоготкон