# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-мартындагы № 49 "Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын жана жол-жоболордун чегинен тышкары сатылып жаткандыгынын негиздериниликтөө үчүн төмөнкү курамдгы мамлекеттик комиссия түзүлүшү жөнүндө" Буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-мартындагы № 49 "Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын жана жол-жоболордун чегинен тышкары сатылып жаткандыгынын негиздериниликтөө үчүн төмөнкү курамдгы мамлекеттик комиссия түзүлүшү жөнүндө" Буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14933>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-1152/edition/295065/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14933.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-мартындагы № 49 "Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын жана жол-жоболордун чегинен тышкары сатылып жаткандыгынын негиздериниликтөө үчүн төмөнкү курамдгы мамлекеттик комиссия түзүлүшү жөнүндө" Буйругу (03.03.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14933

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 3-марты ПБ № 49

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

Мамлекетке зыян келтирүүгө жол бербөө, мыйзамдарды бузууну болтур-

боо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 23-но-

ябрындагы № 594 "PESAC программасына кошулган ишканаларды менчиктеш-

тирүү жөнүндө" жана 2006-жылдын 3-январындагы № 2 "Кристалл" мамлекет-

тик акционердик коомунун маселелери жөнүндө" жарлыктарына ылайык "Крис-

талл" акционердик коомунун менчиктештирилиши Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењеши бекиткен концепцияларга, программаларга же жекече долбоор-

лор боюнча жүргүзүлө турган PESAC программасынын чегинде кайра уюштуру-

ла турган объект катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

2006-жылдын 5-июнундагы № 1037-III токтому менен бекитилген

2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчик-

тештирүү Программасына кошулгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын

Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин жана Кыргыз

Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин 2007-жылы

5-мартта Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот де-

партаменти "Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын пакетин сатуу

боюнча ачык соода жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө маалыматын көњүлгө алып:

1. "Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик паке-

тин мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын жана жол-жобо-

лордун чегинен тышкары сатылып жаткандыгынын негиздерин жана жагдайла-

рын, ошондой эле бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин

жарлыктарын аткарбай коюунун себептерин жана залалдарын иликтөө үчүн

төмөнкү курамда мамлекеттик комиссия түзүлсүн:

Үсөнов Данияр - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премь-

Токтогулович ер-министри, комиссиянын төрагасы.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Молдокулов Сабырбек - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү

Айдарканович жана соода министри;

Чудинов Игорь - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика

Витальевич жана отун ресурстары министри;

Турдумамбетов Турсун - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү

Осмоналиевич башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин

төрагасы;

Кочкорбаев Иманилла - Юстиция министрлигине караштуу Сот департа-

Нуркамилович ментинин директору;

Тойчубеков Юруслан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Жуманович Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча

мамлекеттик агенттиктин директору;

Бурканов Арзыбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Орозматович өнөржай, курулуш, архитектура жана менчик-

тештирүү маселелери боюнча Комитетинин

төрагасы (макулдашуу боюнча);

Сабиров Алишер - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Ахмедович сот-укуктук реформалар Комитетинин төрагасы

(макулдашуу боюнча);

Тагаев Рашид - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Бакирович коргоо жана коопсуздук боюнча Комитеттин

төрагасы (макулдашуу боюнча).

2. Мамлекеттик комиссия он күндүн ичинде "Кристалл" акционердик

коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин мамлекеттик менчикти менчик-

тештирүү программасынын жана жол-жоболордун чегинен тышкары сатылып

жаткандыгынын бардык жагдайларын жана негиздерин иликтесин, бул маселе

боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын аткарбай коюу-

нун себептерин жана залалдарын аныктасын жана мыйзам бузууларды жоюу

жана андай бузууларга жол берген адамдардын жоопкерчилигин аныктоо ме-

нен мамлекеттин укуктарын жана таламдарын толук калыбына келтирүү боюн-

ча сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик комиссиянын корутун-

дусун жана сунуштарын карасын жана "Кристалл" акционердик коомунун ак-

цияларынын мамлекеттик пакетин сатуу маселеси боюнча мамлекеттик орган-

дар менен кызмат адамдарынын бардык аракеттерин жана актыларын колдону-

удагы мыйзамдарга толук ылайык келтирүү жөнүндө маселени дароо чечсин,

ошондой эле бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жар-

лыктарын кыйшаюусуз аткарууну камсыз кылсын.

4. Бул маселени мамлекеттик комиссия жана Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү кароону аяктаганга чейин кандайдыр-бир ачык соодалар же "Крис-

талл" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу боюн-

ча башка иш-чаралар токтотула турсун.

5. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү

жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
