Терроризмди финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен бекитилген)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 26-июнундагы № 245
буйругу менен бекитилген
Терроризмди финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган
кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү
маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө
ЖОБО
1. Терроризмди финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган ки-
решелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери бо-
юнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) терроризмди
финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдашты-
рууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - ТФ/КАК) чөйрөсүндө
таламдаш мамлекеттердин макулдашылган аракеттерин камсыз кылуу макса-
тында түзүлгөн туруктуу иштөөчү координациялык орган болуп саналат.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана
мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буй-
руктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйрукта-
рын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө
кирген эларалык макулдашууларды (мындан ары - эларалык макулдашуулар),
Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобо-
ну жетекчиликке алат.
3. Комиссиянын ишинин максаты ТФ/КАК чөйрөсүндө Кыргыз Республика-
сынын мамлекеттик органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттешүүсүн уюшту-
руу жана ишин координациялоо, жарандардын, коомдун жана мамлекеттин
укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кылуу болуп сана-
лат.
4. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ТФ/КАК боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу жана турмушка ашы-
руу боюнча сунуштарды даярдоо;
- ТФ/КАКтын айрым багыттары боюнча мамлекеттик органдардын өзара
аракеттенүүсүн, анын ичинде маалыматтык камсыз кылуу;
- ТФ/КАК чөйрөсүндө эларалык кызматташтык маселелери боюнча макул-
дашылган өњүттү иштеп чыгуу;
- ТФ/КАК системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо
5. Өзүнө жүктөлгөн негизги милдеттерди аткаруу максатында Комис-
сия:
- ТФ/КАК чөйрөсүндө таламдаш мамлекеттик органдардын өзара аракет-
тенүүсүн уюштурууну, координациялоону камсыз кылуу жана өркүндөтүү үчүн
зарыл болгон чечимдерди кабыл алат:
- ТФ/КАК маселелери боюнча сунуштарды өз учурунда даярдоо үчүн жу-
мушчу топторду түзөт жана бул топтордун курамын (таламдаш мамлекеттик
органдардын сунушу боюнча), милдеттерин жана ишинин тартибин аныктайт;
- Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча таламдаш
мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, коомдук
бирикмелер жана башка уюмдар менен өзара аракеттенүүнү уюштурат, анын
ичинде алардан Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маа-
лыматты белгиленген тартипте суратат жана бул органдардын, бирикмелер-
дин жана уюмдардын кызмат адамдарын (алардын жетекчилери менен макулда-
шуу боюнча) Комиссиянын ишине катышуу үчүн чакырат;
- ТФ/КАКтын натыйжалуулугунун учурдагы мониторинги максатында маа-
лыматтык-талдоо, методикалык материалдарды жана болжолдорду даярдоону
уюштурат;
- зарылчылык болгон учурда таламдаш мамлекеттик органдардын жана
Комиссиянын курамына кирбеген уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен
кењейтилген жыйналыштарды өткөрөт, ошондой эле тажрыйба жана зарыл маа-
лымат алмашуу максатында ведомстволор аралык атайын семинарларды жана
кењешмелерди уюштурат;
- Комиссиянын компетенциясына кирген, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн чечимин талап кылган маселелер боюнча сунуштарды белгиленген
тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- жүктөлгөн милдеттерге ылайык жана Комиссиянын компетенциясынын
чектеринде Комиссиянын чечимдерин турмушка ашыруунун мониторингин
жүзөгө ашырат.
6. Комиссия төмөнкүдөй органдардын өкүлдөрүнүн (жетекчилердин же
жетекчилердин орунбасарларынын дењгээлинде) түзүлөт:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы;
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-
кеттик комитети;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспек-
циясы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспек-
циясы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана
отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон
укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарга контролдук кылуу боюнча
агенттиги.
7. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы
кызматы боюнча Комиссиянын төрагасы болуп саналат.
Комиссиянын төрагасы:
- Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Комиссияга
жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жооп берет;
- Комиссиянын жыйналыштарына жетекчилик кылат;
- таламдаш мамлекеттик органдардын сунушу боюнча Комиссиянын жу-
мушчу топторунун курамдарын бекитет:
- Комиссиянын мүчөлөрү менен макулдашуу боюнча Комиссиянын иштери-
нин пландарын жана жыйналыштарынын күн тартибин бекитет.
Комиссиянын төрагасы Комиссиянын жооптуу катчысын Кыргыз Республи-
касынын Финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлеринин ичинен дайын-
дайт.
8. Комиссиянын жооптуу катчысы:
- Комиссиянын жыйналыштарын даярдоону уюштурат;
- Комиссиянын ишинин планынын долбоорун, анын жыйналыштарынын күн
тартибинин долбоорлорун даярдоону камсыз кылат, Комиссиянын жыйналышта-
рына материалдарды жана чечимдерди даярдоону уюштурат;
- Комиссиянын мүчөлөрүнө Комиссиянын жыйналышын өткөрүү датасы,
орду жана убактысы жөнүндө жана Комиссиянын жыйналышынын күн тартибине
киргизилген маселелер жөнүндө Комиссиянын жыйналышын өткөрүү күнүнө че-
йин 15 жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө маалымдоону камсыз кылат;
- Комиссиянын жыйналышын даярдоо үчүн зарыл болгон, күн тартибинин
маселелери компетенциясына кирген таламдаш мамлекеттик органдар Комис-
сияга бере турган материалдарды Комиссиянын жыйналышын өткөрүү күнүнө
чейин 5 күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө расмий бланкта тиешелүү ми-
нистрдин же анын орунбасарынын, кызматтык жетекчисинин же анын орунба-
сарынын колтамгасы коюлуу менен алат;
- Комиссиянын Төрагасынын же анын орунбасарынын тапшырмасы боюнча
башка милдеттерди аткарат.
9. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылууну Кыр-
гыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы жүзөгө ашырат.
10. Комиссиянын персоналдык курамы Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин буйругу менен бекитилет.
11. Комиссиянын мүчөлөрү:
- Комиссиянын ишинин планы, Комиссиянын жыйналыштарынын күн тарти-
би жана Комиссиянын жыйналыштарында маселелерди талкуулоонун тартиби
боюнча сунуштарды Комиссиянын төрагасына киргизет;
- Комиссиянын жыйналыштарына материалдарды, ошондой эле Комиссия-
нын чечимдеринин долбоорлорун даярдоого катышат;
- Комиссиянын жыйналыштарына катышат жана каралып жаткан маселе-
лерди талкуулоого жана чечимдерди иштеп чыгууга катышат:
- Комиссиянын жыйналышына катышуу мүмкүн болбогон учурда бул
жөнүндө Комиссиянын жооптуу катчысына күн мурунтан билдирет.
- зарылчылык болгон учурда Комиссиянын жыйналышынын күн тартибинин
маселелери боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө Комиссиянын жооптуу катчысы-
на жөнөшөт.
12. Комиссиянын жыйналыштары таламдаш мамлекеттик органдардын су-
нуштарынын негизинде Комиссиянын төрагасы беките турган анын ишинин
планына ылайык, бирок 2 айда кеминде бир жолу өткөрүлөт жана, эгерде
аларга Комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышса, чечим кабыл алу-
уга укуктуу деп эсептелет.
Таламдаш мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча жана Комиссиянын
төрагасынын чечими боюнча Комиссиянын кезексиз жыйналыштары өткөрүлүшү
мүмкүн.
Комиссиянын жыйналыштарын - Комиссиянын төрагасы, ал эми ал жокто
Комиссиянын төрагасынын орунбасары өткөрөт.
13. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын жыйналышка катышып олтурган
мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу ка-
был алынат.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тењ болгон учурда жыйналышта
төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү добуш болуп саналат.
Комиссиянын чечими протокол менен толтурулат, ага Комиссиянын
төрагасы же анын орунбасары жыйналышта төрагалык кылган адам жана Ко-
миссиянын жооптуу катчысы кол коет.
14. Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү (про-
токолдорунан үзүндүлөр) он күндүк мөөнөттө Комиссиянын мүчөлөрүнүн,
таламдаш мамлекеттик органдардын дарегине жөнөтүлөт.
15. Таламдаш мамлекеттик органдардын жана Комиссиянын курамына
кирбеген уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кењейтилген жыйналыштар-
ды өткөрүү учурунда Комиссиянын жыйналышын өткөрүү датасы, орду жана
убактысы жөнүндө жана Комиссиянын жыйналышынын күн тартибине киргизил-
ген маселелер жөнүндө маалымат тиешелүү таламдаш мамлекеттик органдарга
жана уюмдарга Комиссиянын төрагасынын же анын Орунбасарынын колтамгасы
коюулуу менен жазуу жүзүндө жеткирилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 26-июнундагы ПБ № 245 буйругуРаспоряжение · 26.06.2006 · № 245
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон