# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 397
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14903>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2997/edition/1182924/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14903.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому (12.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14903

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 448 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 2-августу № 397 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин ишке ашыруу, үрөнчүлүк чарбаларына, ошондой эле айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттуу сертификатталган үрөндөрү жана себилүүчү материал менен камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-февралындагы № 63 "2014-жылы айыл чарба талаа иштерин өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 5-пункту;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 145 "Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
