# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июнундагы ПБ № 233

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июнундагы ПБ № 233
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 233
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14901>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-1125/edition/1125784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14901.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июнундагы ПБ № 233 (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14901

---

КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 12-июнундагы ПБ № 233

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 2-декабрындагы

№431 буйругуна төмөнкүдөй өзгортүүлөр киргизилсии:

- мамлекет кепилдик кылган квалификациялуу юридикалык жардам

жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамына Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университетинин юридикалык факультетинин деканынын орунбасары Калыбаева Алия Абдысатаровна, адвокат, «Кыргыз Республикасынын адвокаттар Бирлиги» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Толубаева Бермет Мамыровна киргизилсин;

- аталган жумушчу топтун курамынан Майчиев Шамарал Юсупович,

Скрипкина Галина Анатольевна чыгарылсын;

- 3-пунктта «жогоруда көрсөтүлгөн Концепциянын III бөлүмүндө

белгиленген» деген сөздөр «2006-жылдын 31-декабрына чейинки» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
