# 92-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1490)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 17-июлундагы № 91 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 22 декабря 2023 года № 208 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000141)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1490#diff=1220248..955>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1426/edition/1220238/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1490/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө, 92-статья (18.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-92

---

1992-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Алардын жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлбөгөн учурда, 1992-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн документтердин бардык түрлөрү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин колдонулат. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору (Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту, 2007-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспорттор, 2020-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспорттор), 1992-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Автотранспорт каражаттарынын номердик белгилери, ошондой эле 1992-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөр тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин колдонулат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-декабрындагы № 208 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III Глава Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

---

Мурунку берене: [91-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-91)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-10)
