# 7-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1490)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 17-июлундагы № 91 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112478)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1490#diff=1220247..1220248>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1426/edition/1220238/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1490/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө, 7-статья (18.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-7

---

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана өкмөттүк делегацияларынын жетекчилеринин, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин башчыларынын жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлердеги башка расмий өкүлчүлүктөрүнүн, анын ичинде эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын расмий өкүлчүлүктөрүнүн транспорттук каражаттарына жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу транспорттук каражаттарында (анын ичинде деңиз кемелеринде да) атайын орнотулган флагштокторго транспорт бараткан багыттын сол тарабына Кыргыз Республикасынын, ал эми оң тарабына - башка мамлекеттин туусу орнотулат, мында эки туу тең транспорт жүрүп бараткан багытка карай бийиктиги бирдей деңгээлде жана перпендикулярдуу бир тилкеде түз жайгашууга тийиш. (КР 2022-жылдын 13-декабрындагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-8)
