# 6-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1490)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 17-июлундагы № 91 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112478)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.12.2022 [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112478); 17.03.2012 [Закон КР от 17 марта 2012 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203622)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1490#diff=1220247..1220248>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1426/edition/1220238/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1490/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө, 6-статья (18.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-6

---

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу төмөнкүдөй жерлерде дайыма орнотулуу турат:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жумушчу кабинетинде жана Кыргыз Республикасынын Президенти катышкан салтанаттуу иш-чараларды (каадаларды) өткөрүү үчүн дайындалган башка имараттарда;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, жергиликтүү соттордун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштар залдарында;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жумушчу кабинеттеринде.

(КР 2012-жылдын 17-мартындагы №22, 2022-жылдын 13-декабрындагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-7)
