# 5-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1490)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 17-июлундагы № 91 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2009 года № 48 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202526)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1490#diff=1220239..1220240>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1426/edition/1220238/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1490/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө, 5-статья (18.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-5

---

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин имараттарында, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин башчыларынын өздөрүнүн кызматына байланыштуу милдеттерин аткарып жатканда алардын резиденцияларында, ошондой эле эл аралык укуктун ченемдерине, дипломатиялык протоколдун эрежелерине жана ал турган өлкөнүн салтына ылайык Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн имараттарында көтөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин башчыларынын унаа каражаттарында, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн унаа каражаттарында орнотулат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу коомдук бирикмелердин, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын имараттарына (болбосо мачталарга, флагштокторго), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген майрам күндөрү жайларда, турак үйлөрдө, транспорт каражаттарында спорттук, коомдук жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү учурунда алардын ээлеринин каалоосу боюнча илинет. (КР 2009-жылдын 12-февралындагы №48,2012-жылдын 17-мартындагы №22 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-6)
