# 3-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1490)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 17-июлундагы № 91 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 22 декабря 2023 года № 208 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000141)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.12.2023 [Закон Кыргызской Республики от 22 декабря 2023 года № 208 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000141); 13.12.2022 [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112478); 09.02.2017 [Закон КР от 9 февраля 2017 года № 21 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111524)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1490#diff=1220248..955>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1426/edition/1220238/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1490/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө, 3-статья (18.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-3

---

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна күндүн кырк нуру тегиз, түз чачыраган алтын түстөгү тегерек күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурч формасындагы кызыл түстөгү кездемеден жасалат. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү тиркемеге ылайык бекитилсин. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жана анын сүрөтү алардын көлөмүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясында сакталуу турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун түсүнүн жана схемалык сүрөтүнүн эталонуна далма-дал келүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү уруксаты бар юридикалык жак тарабынан жасалууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун техникалык өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. (Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 9-февралындагы № 21, 2022-жылдын 13-декабрындагы № 117, 2023-жылдын 22-декабрындагы № 208 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтому

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-2)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-31)
