# 21-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1490)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 17-июлундагы № 91 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2011 года № 130 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203370)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.07.2011 [Закон КР от 26 июля 2011 года № 130 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203370); 06.11.2009 [Закон КР от 6 ноября 2009 года № 294 "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203228); 23.01.2009 [Закон КР от 23 января 2009 года № 15 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202609)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1490#diff=1220242..1220243>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1426/edition/1220238/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1490/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө, 21-статья (18.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-21

---

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни расмий аткарылганда катышып жаткандар аны турган бойдон угат (улуттук баш кийимди жана диний ынанымдары жылаңбаш туруу сыйлабоо актысы катары каралган адамдардын атайын баш кийимин албаганда - эркектер баш кийимсиз), мында Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин ырдайт жана оң колун төшүнүн сол ыптасына коюп турат. Эгерде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү менен коштолуп аткарылса катышкандар туу көтөрүлгөн тарапка жүзүн буруп турушат. Мамлекеттик гимнди аткарууда жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин көтөрүүдө (алып чыгууда) формалык кийим кийип жүрүү каралган аскер кызматчылары жана башка адамдар үчүн жүрүм – турум эрежелери Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленет. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 15, 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 294, 2011-жылдын 26-июлундагы № 130, 2013-жылдын 24-июлундагы № 161Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-22)
