# 17-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1490)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 17-июлундагы № 91 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 марта 2012 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203622)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2012 [Закон КР от 17 марта 2012 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203622); 29.11.2011 [Закон КР от 29 ноября 2011 года № 227 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203471)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1490#diff=1220244..1220245>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1426/edition/1220238/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1490/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө, 17-статья (18.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-17

---

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни төмөнкүдөй учурларда аткарылат:

- Кыргыз Республикасынын Президенттигине ант бергенден кийин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүдө;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги же кезексиз сессияларын ачууда жана жабууда;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун расмий көтөрүү каадасы жана башка расмий каадалар учурунда;

- чет өлкөлүк мамлекет башчылары, чет өлкө мамлекеттеринин өкмөт башчылары, чет өлкө мамлекеттеринин расмий өкүлчүлүктөрү, ошондой эле мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык уюмдардын башчылары расмий визит менен Кыргыз Республикасына келгенде элчилик протоколго ылайык аларды тосуп алуу жана узатуу каадасы учурунда;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарына ылайык аскер каадаларын өткөрүү учурунда.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни эстеликтерди ачууда; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрамдарына арналган салтанаттуу чогулуштарды ачууда жана жабууда; мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар өткөрүп жаткан башка салтанаттуу иш-чаралар мезгилинде аткарылышы мүмкүн. (КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 227, 2012-жылдын 17-мартындагы №22 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-18)
