17-статья
Күчүндө · 18.07.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 марта 2012 года № 22
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни төмөнкүдөй учурларда аткарылат:
- Кыргыз Республикасынын Президенттигине ант бергенден кийин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүдө;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги же кезексиз сессияларын ачууда жана жабууда;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун расмий көтөрүү каадасы жана башка расмий каадалар учурунда;
- чет өлкөлүк мамлекет башчылары, чет өлкө мамлекеттеринин өкмөт башчылары, чет өлкө мамлекеттеринин расмий өкүлчүлүктөрү, ошондой эле мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык уюмдардын башчылары расмий визит менен Кыргыз Республикасына келгенде элчилик протоколго ылайык аларды тосуп алуу жана узатуу каадасы учурунда;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарына ылайык аскер каадаларын өткөрүү учурунда.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни эстеликтерди ачууда; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрамдарына арналган салтанаттуу чогулуштарды ачууда жана жабууда; мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар өткөрүп жаткан башка салтанаттуу иш-чаралар мезгилинде аткарылышы мүмкүн. (КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 227, 2012-жылдын 17-мартындагы №22 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 17 марта 2012 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 ноября 2011 года № 227 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1490/st-17" title="17-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>