# 16-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1490)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 17-июлундагы № 91 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1426/edition/1220238/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1490/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө, 16-статья (18.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-16

---

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни ушул Мыйзамда каралган учурларда аткарылуучу музыкалык-поэтикалык чыгарма болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни оркестрдик, хордук, оркестрдик-хордук, болбосо вокалдык жана аспаптык вариантта аткарылышы мүмкүн. Мында үн- жана видеожазууну, ошондой эле теле- жана радиоберүү каражаттарын колдонсо болот. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни вокалдык жана вокалдык-аспаптык аткаруу учурунда толук аткарылат, ал эми аспаптык аткаруу учурунда Гимн жарым-жартылай - биринчи куплети жана кайрымасы гана аткарылууга жол берилет. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни бекитилген музыкалык редакцияга жана текстке ылайык так аткарылууга тийиш (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин тексти тиркелет).

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-17)
