# 10-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1490)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 17-июлундагы № 91 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112478)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.12.2022 [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112478); 09.02.2017 [Закон КР от 9 февраля 2017 года № 21 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111524); 17.03.2012 [Закон КР от 17 марта 2012 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных символах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203622)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1490#diff=1220247..1220248>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1426/edition/1220238/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1490/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө, 10-статья (18.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-10

---

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган "Кыргыз" жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган "Республикасы" деген жазуудан турат (Кыргыз Республикасынын түстүү жана ак-кара түстүү сүрөтү тиркелет). Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин кайрадан жасалуучу сүрөтү анын көлөмүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясында сакталып турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин түстүү же ак-кара сүрөтүнүн эталонуна далма-дал келүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин даярдоо менен алектенген юридикалык жактардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. (КР 2012-жылдын 17-мартындагы № 22, 2017-жылдын 9-февралындагы № 21, 2022-жылдын 13-декабрындагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтому

---

Мурунку берене: [92-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-92)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1490/st-11)
