# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 2-майындагы ПБ № 169 буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 2-майындагы ПБ № 169 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 02.05.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14894>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-1119/edition/1163348/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14894.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 2-майындагы ПБ № 169 буйругу (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14894

---

КР Президентинин 2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 2-майы ПБ № 169

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июнундагы ПБ № 234, 2006-жылдын 13-сентябрындагы №306 2007-жылдын 4-сентябрындагы ПБ № 177, 2008-жылдын 5 июнундагы ПБ № 127 буйруктарынын редакциясына ылайык)

Соода жүргүзүүдө техникалык тоскоолдуктарды азайтуу жана техника- лык жактан жөнгө салуу жаганда мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аны Дүйнөлүк соода уюмунун жана стандарт- таштыруу боюнча башка эларалык жана региондук уюмдардын эрежелери жана сунуштамалары менен шайкеш келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Мыйзамын (мындан ары - Мыйзам) жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында:

1. Кыргыз Республикасында техникалык жактан жөнгө салуу системасын

өнүктүрүү боюнча Комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык ку- рамда түзүлсүн.

2. Комиссия:

- Комиссия жөнүндө Жобону бир айлык мөөнөттө иштеп чыгып, Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;

- 2006-жылдын 1-июлуна чейин Мыйзамдын өткөөл жоболорун жүзөгө

ашыруу боюнча чараларды иштеп чыксын;

- мамлекеттик башкаруунун тийиштүү органдарына Мыйзамда каралган

зарыл ченемдик жана укуктук актыларды кабыл алуу боюнча сунуштарды кир- гизсин;

- техникалык жактан жөнгө салуу системасын реформалоо боюнча кол-

легиялык чечимдерди иштеп чыгууну талап кылуучу маселелерди туруктуу карасын;

3. Комиссия өзүнүн алдына коюлган милдеттерин белгиленген тартипте

чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

- аткаруучу бийлик органдарынын, мамлексттик башкаруу органдарынын

өкүлдөрүн, атамекендик жана четөлкөлүк эксперттерди (макулдашуу боюнча) ишке тартууга;

- техникалык жактан жөнгө салуу жагында министрликтер менен ве-

домстволордун иш-чаралары тууралуу маалымат суратууга, аларга монито- ринг жүргүзүүгө.

4. Министирликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчиле- ри Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 6-сентябрында-

гы N 204 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.

6. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 2-майындагы № 169 буйругунун тиркемеси

"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу системасын өнүктүрүү боюнча Комиссиянын КУРАМЫ

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-сентябрындагы ПБ № 177 буйругунун, 2008-жылдын 5 июнундагы ПБ № 127 редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри,

Комиссиянын төрагасынын орунбасары;

- Кыргыз Республикасынын стандарттар жана метрология Улуттук инс-

титутунун директору, Комиссиянын төрагасынын орунбасары;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өнөржайды өнүктүрүү,

соода, туризм, чакан, орто бизнес, транспорт, коммуникациялар, курулуш жана архитектура боюнча Комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча).

Комиссиянын мүчөлөрү:

- Кыргыз Республикасынын финансы министри;

- Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү

өнөржай министри;

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

- Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстар

министри;

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;

- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;

- Кыргыз аккредитация борборунун директору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү

коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана куру-

луш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрли-

гинин техникалык жөнгө салуу башкармасынын начальниги;

- Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн консуль-

танты (макулдашуу боюнча);

- "Инвестициялык тегерек стол" Коомдук бирикмесинин аткаруучу ди-

ректору (макулдашуу боюнча);

- Соода-өнөржай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);

- Кыргызстан ишкерлер Союзунун президенти (макулдашуу боюнча);

- ЮСАИДдин бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоорунун директору

(макулдашуу боюнча);

- Кыргызстандын ишканаларынын директорлор гильдиясынын Кењешинин

төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын кооперативдер Союзунун президенти (макул-

дашуу боюнча)".

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
