Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПБ № 169 буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Президента КР от 31 мая 2022 года РП № 89 (О признании утратившими силу распоряжения Президента Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 2-майы ПБ № 169
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июнундагы ПБ № 234, 2006-жылдын 13-сентябрындагы №306 2007-жылдын 4-сентябрындагы ПБ № 177, 2008-жылдын 5 июнундагы ПБ № 127 буйруктарынын редакциясына ылайык)
Соода жүргүзүүдө техникалык тоскоолдуктарды азайтуу жана техника- лык жактан жөнгө салуу жаганда мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аны Дүйнөлүк соода уюмунун жана стандарт- таштыруу боюнча башка эларалык жана региондук уюмдардын эрежелери жана сунуштамалары менен шайкеш келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Мыйзамын (мындан ары - Мыйзам) жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасында техникалык жактан жөнгө салуу системасын
өнүктүрүү боюнча Комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык ку- рамда түзүлсүн.
2. Комиссия:
- Комиссия жөнүндө Жобону бир айлык мөөнөттө иштеп чыгып, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;
- 2006-жылдын 1-июлуна чейин Мыйзамдын өткөөл жоболорун жүзөгө
ашыруу боюнча чараларды иштеп чыксын;
- мамлекеттик башкаруунун тийиштүү органдарына Мыйзамда каралган
зарыл ченемдик жана укуктук актыларды кабыл алуу боюнча сунуштарды кир- гизсин;
- техникалык жактан жөнгө салуу системасын реформалоо боюнча кол-
легиялык чечимдерди иштеп чыгууну талап кылуучу маселелерди туруктуу карасын;
3. Комиссия өзүнүн алдына коюлган милдеттерин белгиленген тартипте
чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- аткаруучу бийлик органдарынын, мамлексттик башкаруу органдарынын
өкүлдөрүн, атамекендик жана четөлкөлүк эксперттерди (макулдашуу боюнча) ишке тартууга;
- техникалык жактан жөнгө салуу жагында министрликтер менен ве-
домстволордун иш-чаралары тууралуу маалымат суратууга, аларга монито- ринг жүргүзүүгө.
4. Министирликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчиле- ри Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 6-сентябрында-
гы N 204 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 2-майындагы № 169 буйругунун тиркемеси
"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу системасын өнүктүрүү боюнча Комиссиянын КУРАМЫ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-сентябрындагы ПБ № 177 буйругунун, 2008-жылдын 5 июнундагы ПБ № 127 редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри,
Комиссиянын төрагасынын орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын стандарттар жана метрология Улуттук инс-
титутунун директору, Комиссиянын төрагасынын орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өнөржайды өнүктүрүү,
соода, туризм, чакан, орто бизнес, транспорт, коммуникациялар, курулуш жана архитектура боюнча Комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча).
Комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөржай министри;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
- Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстар
министри;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
- Кыргыз аккредитация борборунун директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана куру-
луш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрли-
гинин техникалык жөнгө салуу башкармасынын начальниги;
- Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн консуль-
танты (макулдашуу боюнча);
- "Инвестициялык тегерек стол" Коомдук бирикмесинин аткаруучу ди-
ректору (макулдашуу боюнча);
- Соода-өнөржай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстан ишкерлер Союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
- ЮСАИДдин бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоорунун директору
(макулдашуу боюнча);
- Кыргызстандын ишканаларынын директорлор гильдиясынын Кењешинин
төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын кооперативдер Союзунун президенти (макул-
дашуу боюнча)".
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы № 642 "Кыргыз Республикасындагы Техникалык жөнгө салуу системасын өнүктүрүү боюнча комиссиянын жобосун бекитүү…Постановление · 08.09.2006 · № 642
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПТ № 89 (Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемелеринин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 31.05.2022 · № 89
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-сентябрындагы № 177 буйругуРаспоряжение · 04.09.2007 · № 177 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июнундагы ПБ № 234 буйругуРаспоряжение · 12.06.2006 · № 234 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-сентябрындагы ПБ №306 "Жунушалиев Туратбек Шаршенкуловичти Комиссиянын курамына киргизүү жјнүндј" буйрукРаспоряжение · 13.09.2006 · № 306 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Президента КР от 6 сентября 2002 года №204Распоряжение · 06.09.2002 · № 204 · Күчүн жоготкон
- ыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 2-майындагы № 169 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизуу жонундо Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругу № 127, 5 июнь…Распоряжение · 05.06.2008 · № 127 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПТ № 89 (Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемелеринин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 31.05.2022 · № 89
- Распоряжение Президента КР от 6 сентября 2002 года №204Распоряжение · 06.09.2002 · № 204 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67