# КР Президентинин 2006-жылдын 4-апрелиндеги ПБ №102 (Д.А.Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейинин жарандык персоналынын штаттык саны жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2006-жылдын 4-апрелиндеги ПБ №102 (Д.А.Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейинин жарандык персоналынын штаттык саны жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14882>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-1107/edition/295001/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14882.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2006-жылдын 4-апрелиндеги ПБ №102 (Д.А.Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейинин жарандык персоналынын штаттык саны жөнүндө) буйругу (04.04.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14882

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 4-апрели ПБ № 102

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.А.Асанов атындагы Кыргыз

мамлекеттик улуттук аскер лицейинин курсанттарын сапаттуу даярдоону

камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 16-январындагы № 22 токтомун эске алып:

1. 2006-жылдын 1-февралынан тартып Советтер Союзунун Баатыры гене-

рал-майор Д.А.Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейи-

нин жарандык персоналынын 150 бирдикти түзгөн штаттык саны Кыргыз Рес-

публикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинен Кыр-

гыз Республикасынын Коргоо министрлигине анын жарандык персоналынын са-

нынын чегин тиешелүү түрдө көбөйтүү менен өткөрүп берилсин.

2. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук

иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
