# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-февралындагы № 55 буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-февралындагы № 55 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14873>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-1099/edition/1163267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14873.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 27-февралындагы № 55 буйругу (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14873

---

КР Президентинин 2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 27-февралы ПБ № 55

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 6-мартындагы ПБ № 66 буйругунун редакциясына ылайык)

"Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик адми- ниирациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Рес- публикасынын мыйзамдарынын ага негизделген ченемдерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл областындагы Балыкчы шаарынын

мэрин шайлоо 2006-жылы 17-мартка дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл областындагы Балыкчы шаарынын

мэринин кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу боюнча Кыргыз Республи- касынын Президентинин өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бө- лүмүнүн мамлекеттик инспектору Абдылдаев Молдакун Абдылдаевич дайындал- сын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясы Балыкчы шаардык кењеши менен бирдикте Кыргыз Рес- публикасынын Ысыккөл областындагы Балыкчы шаарынын мэрин шайлоону Кыр- гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам- лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
