# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 391
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14862>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2995/edition/1283625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14862.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (10.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14862

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 1-августу № 391 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Визалык режимди либералдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык, ишкердик жана туристтик тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмеси:

- төмөнкүдөй мазмундагы 69-79-абзацтар менен толукталсын:

"Алжир Элдик Демократиялык Республикасы(\*\*) Бангладеш Эл Республикасы(\*\*) Египет Араб Республикасы(\*\*) Индия Республикасы(\*\*) Иордания Хашимит Королдугу(\*\*) Ливан Республикасы(\*\*) Марокко Королдугу(\*\*) Непал Федеративдик Демократиялык Республикасы(\*\*) Пакистан Ислам Республикасы(\*\*) Тунис Республикасы(\*\*) Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы(\*\*)";

- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

"(\*\*) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларынын "туристтик" (1 айга чейин) категориясы боюнча жашап турууга уруксаты (резидент карталары) бар төмөндөгү чет мамлекеттердин жарандарына карата гана: Бириккен Араб Эмирликтери, Кувейт Мамлекети, Катар Мамлекети, Бруней Даруссалам Мамлекети, Оман Султандыгы жана Бахрейн Королдугу".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту "Бул токтом" деген сөздөрдөн кийин "расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү жана 2020-жылдын 31-июлуна чейин колдонулуучу Тизменин 69-79-абзацтарынан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
