# КР Президентинин 2005-жылдын 6-декабрындагы ПБ №435 буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2005-жылдын 6-декабрындагы ПБ №435 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 435
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14859>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-1086/edition/294972/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14859.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2005-жылдын 6-декабрындагы ПБ №435 буйругу (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14859

---

КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 173 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 6-декабры, ПБ №435

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

Республиканын жарандарын эларалык стандарттарга жооп берген Кыргыз

Республикасынын жаранынын паспорттору менен камсыз кылуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар, технологиялар жана

байланыш Улуттук агентгиги:

- Молдова Республикасынын маалыматтык өнүктүрүү министрлигинин

"Регистру" мамлекеттик ишканасы менен 2004-жылдын 27-апрелиндеги

"Жалпы жарандык, дипломатиялык, кызматтык паспорттордун жана Кыргыз

Республикасынын жаранынын паспортторунун бланкттарынын жањы үлгүлөрун

даярдоо жана берүү, Контракт колдонулган мезгилде паспортгордун

автоматташтырылган персоналдаштыруу системасын (ПАПС) иштеп чыгуу,

орнотуу жана эксплуатациялоо" инвестициялык долбоорун жүзөгө ашыруу

боюнча Контракт (мымдан ары - Контракт) жагындагы ишти кайра

жандандырсын;

- Түштүк Кореянын "Venture C&C Plaza Co. Ltd", компаниясы менен

андан аркы кызматташтык жөнүндөгү маселени карасын. ал эми зарыл

болгон учурда Молдова Республикасынын маалыматтык өнүктүрүү

министрлигинин "Регистру" мамлекеттик ишканасы менен Кыргыз

Республикасынын таламдарына жооп берген кошумча макулдашууларды

түзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын

стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмү зарыл болгон учурда

жогоруда аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

консультациялык колдоо көрсөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул буйруктун 1-пунктун жүзөгө

ашыруунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине

маалымат берсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
