Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөр- түү боюнча типтүү оңдоп-түзөө ПРОГРАММАСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмө- түнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 20 мая 2026 года № 358 "О мерах по совершенствованию системы охраны и защиты от семейного насилия и координации межведомственного взаимодействия государственных органов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-05-20.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 358 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 390 токтомуна)
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү оңдоп-түзөө ПРОГРАММАСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү оңдоп-түзөө программасы (мындан ары - Программа) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн оңдоп-түзөө программасын жүргүзүүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт.
2. Программада үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын жүрүм-турумун оңдоп-түзөө үчүн чараларды колдонуу каралган.
3. Программада өз жүрүм-турумун адекваттуу баалоо жана айлана-чөйрөдөгү адамдарга сый мамиле кылуу көндүмдөрүнө үйрөтүү, конструктивдүү жүрүм-турум көндүмдөрүн өнүктүрүү жана байытуу, социалдык мамилелерди жөнгө салуу, өзүн-өзү адекваттуу баалоону калыптандыруу каралган.
2-глава. Программанын максаттары жана милдеттери
4. Программанын максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын кемсинтүү жана зомбулук көрсөтүү жүрүм-турумун сыйлоо жана коопсуз жүрүм-турумга өзгөртүү методдорун киргизүү жолу менен үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам берүү;
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын өз жүрүм-турумунун кесепеттери үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу;
- үй-бүлөлүк зомбулукту кайра кайталанышын болтурбоого көмөктөшүү.
5. Программанын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды зомбулукту кантип токтотуу, өз өнөгү менен кантип туура мамиле түзүү, өз сезимдерин контролдоо жана айлана-чөйрөдөгү адамдарга сый мамиле кылууну калыптандыруу жөнүндө практикалык маалымат менен камсыз кылуу;
- Программанын катышуучуларынын терс иш-аракеттерин, ойлорун жана сезимдерин, өнөгүн, балдарын, багуусундагы башка адамдарды контролдоо каражаты катары анын зомбулукту колдонуу себептерин түшүнүүнү жакшыртуу;
- үй-бүлөлүк зомбулукту актоолорго каршы туруу;
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жасалган зомбулуктун терс кесепеттерин түшүнүүгө жардам көрсөтүү.
3-глава. Программанын максаттуу топтору жана ага катышуу шарттары
6. Программанын максаттуу топторуна үй-бүлөлүк зомбулук жасаган, коргоо ордерин алган жана оңдоп-түзөө программасынан өтүү үчүн ички иштер органдары тарабынан жиберилген, ошондой эле өз ыктыяры менен кайрылган адамдар кирет.
7. Программага катышуу үчүн шарттар:
1) психикалык бузулуулары бар адамдар, алкоголго, баңги каражаттарына, психотроптук заттарга, кумар оюндарына берилген адамдар Программага негизги терапия курсунан өткөндөн кийин катыша алышат;
2) алкоголь жана баңги заттары менен мас абалда сабактарга келүүгө тыюу салынат;
3) адамдын психологиялык абалы, учурдагы жана мурдагы психикалык пландагы проблемалары Программадан пайда алууга тоскоол болбойт.
4-глава. Программанын түрлөрү жана узактыгы
8. Программанын түрлөрү: милдеттүү (2 жеке жана 2 топтук жолугушууну камтыган мотивациялоочу) жана ыктыярдуу (эркектер үчүн 22 топтук жолугушууну жана аялдар үчүн 14 топтук жолугушууну камтыйт).
9. Эркектер үчүн программа 2 жеке жолугушууну жана 24 топтук жолугушууну камтыйт (алар жумасына бир жолу өтөт). Милдеттүү программанын узактыгы - 30 күн, ыктыярдуу программанын узактыгы - 6 ай.
10. Аялдар үчүн программа 2 жеке жолугушууну жана 16 топтук жолугушууну камтыйт. Милдеттүү программанын узактыгы - 30 күн, ыктыярдуу программанын узактыгы - 4 ай.
5-глава. Программанын мазмуну
11. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган аялдар үчүн программанын мазмуну:
1. Милдеттүү программа
№
Теманын аталышы
Узактыгы
1-бөлүк. Жеке иш
1
Жеке сессиялар. Программага киришүү
Ар бир катышуучуга 2 саат
2
Багыт берүүчү сессия
Ар бир катышуучуга 2 саат
2-бөлүк. Топтук иш
3
Киришүү
4
Сабактарга катышуучу менен контракт түзүү
5
Багыт берүүчү сессия
1 саат 50 мүнөт
6
Агрессивдүү жүрүм-турумду токтотуу методдору - коопсуздук планы
2 саат
2. Ыктыярдуу программа
1
Өнөктөш мамилелерди аныктоо
1 саат 45 мүнөт
2
Сүйлөшүүлөр
2 саат 15 мүнөт
3
Өнөктөш чечимдерди издөө
2 саат 30 мүнөт
4
Башка адамдар менен мамилени кантип жакшыртуу керек. Ассертивдүүлүк I
1 саат 55 мүнөт
5
Башка адамдар менен мамилени кантип жакшыртуу керек. Ассертивдүүлүк II
1 саат 30 мүнөт
6
Баалоону ассертивдүү кабыл алуу
1 саат 55 мүнөт
7
Коркутпоочу жүрүм-турумду жана сый мамилени аныктоо. Үмүтсүздөндүрүүнү жана эмоциялык зомбулукту талдоо
2 саат 15 мүнөт
8
Өнөктөш чечимдерди издөө
2 саат
9
Сезимдер
2 саат 15 мүнөт
10
Колдоону жана ишенимди аныктоо. Жагымсыз сезимдерди жеңүү
1 саат 45 мүнөт
11
Ачууланууну жеңүү
2 саат 10 мүнөт
12
Сексуалдык жактан сый мамиле жасоону аныктоо. Сексуалдык зомбулукту талдоо
2 саат 35 мүнөт
13
Ак ниеттүүлүктү жана жоопкерчиликти аныктоо. Балдарды жоопкерчилик менен тарбиялоо
1 саат 55 мүнөт
14
Кызматташтыкка чакыруу
1 саат 45 мүнөт
15
Жазалоодон баш тартуу
1 саат 40 мүнөт
12. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган эркектер үчүн Программанын мазмуну:
1. Милдеттүү программа
№
Теманын аталышы
Узактыгы
1-бөлүк. Жеке иш
1
Жекече сессиялар. Программага киришүү
Ар бир катышуучуга 2 саат
2
Багыт берүүчү сессия
Ар бир катышуучуга 2 саат
2-бөлүк. Топтук иш
3
Зомбулуксуз жүрүм-турум жана дене-боюна зомбулукту талдоо
2 саат
4
Зомбулук контролдоочу тактика катары
1 саат 45 мүнөт
2. Ыктыярдуу программа
1
Зомбулук жүрүм-турумду токтотуу
1 саат 55 мүнөт
2
Коркутпаган жүрүм-турумду аныктоо жана коркутууну жана үмүтсүздөндүрүүнү талдоо
1 саат 45 мүнөт
3
Коркутуу жана үмүтсүздөндүрүү контролдоочу тактика катары
1 саат 45 мүнөт
4
Коркутууну жана үмүтсүздөндүрүүнү токтотуу
1 саат 45 мүнөт
5
Сый мамиле деген эмне жана эмоциялык зомбулукту талдоо
1 саат 55 мүнөт
6
Эмоциялык зомбулук контролдоочу тактика катары
2 саат
7
Эмоциялык зомбулукту колдонууну токтотуу
2 саат
8
Ишеним жана колдоо деген эмне. Изоляциялоону талдоо
2 саат
9
Изоляциялоону контролдоочу тактика катары колдонуу
2 саат
10
Изоляциялоону колдонбоо
2 саат
11
Ак ниеттүүлүктү жана жоопкерчиликти аныктоо, моюнга албоону, минималдаштырууну жана күнөөлөөнү талдоо
2 саат 25 мүнөт
12
Адамдарды контролдоо үчүн моюнга албоону, минималдаштырууну жана күнөөлөөнү колдонуу
2 саат
13
Моюнга албоону, минималдаштырууну жана күнөөлөөнү колдонууну токтотуу
2 саат
14
Сексуалдык жактан сыйлоо деген эмне. Сексуалдык зомбулукту талдоо
2 саат
15
Контролдоо үчүн сексуалдык зомбулукту колдонуу
2 саат
16
Сексуалдык зомбулукту колдонууну токтотуу
1 саат 50 мүнөт
17
Өнөктөш мамилелерди аныктоо, эркектердин артыкчылыктарын, экономикалык зомбулукту жана балдарды колдонууну талдоо
1 саат 55 мүнөт
18
Контролдоочу тактика катары эркектердин артыкчылыктарын, экономикалык зомбулукту жана балдарды колдонуу
2 саат
19
Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана адилеттик деген эмне, мажбурлоону жана коркутууларды талдоо
2 саат
20
Мажбурлоо жана коркутуулар контролдоочу тактика катары
2 саат 10 мүнөт
21
Мажбурлоону жана коркутууларды токтотуу
2 саат
22
Корутунду, жыйынтыктоочу жолугушуу
2 саат 25 мүнөт
6-глава. Программаны өткөрүүнү уюштуруу
13. Программа Программанын инструкторлору/алып баруучулары тарабынан өткөрүлөт.
14. Сабактарды өткөрүү үчүн жайларды даярдоого жана анын шарттарына коюлуучу талаптар:
- топтордун саны жарандардын жиберген же берген арыздарынын санына жана Программаны ишке ашыруу үчүн түзүлгөн шарттарга жараша аныкталат;
- Программа мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт, катышуучу сабактарды өткөрүү тилин өз алдынча тандайт.
15. Программаны уюштуруу жана өткөрүү төмөнкүлөр тарабынан ишке ашырылат:
- Программанын жетекчиси;
- Программанын инструктору/алып баруучусу.
16. Программанын жетекчиси:
- окутууну уюштурат жана оңдоп-түзөө программасынын өткөрүлүшүн контролдойт;
- катышуучуга Программадан өткөндүгү жөнүндө маалым катты берет.
17. Программанын инструкторлору/алып баруучулары топтун ишине жетекчилик кылышат, Программага ылайык сабактарды өткөрүшөт.
18. Программанын жетекчиси ушул Программанын 1-тиркемесине ылайык бекитилген форма боюнча катышуучулардын сабактарга келүүсүн эсепке алуу журналын жүргүзөт.
19. Журнал боолонуп, номерлер коюлуп жана Программанын жетекчисинин колу коюлушу керек.
20. Программадан өткөндүгү жөнүндө маалым каттын формасы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирге үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү субъекттерди координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү оңдоп-түзөө программасына тиркеме
Катышуучулардын сабактарга келүүсүн эсепке алууну каттоо ЖУРНАЛЫ
Аты-жөнү
Туулган датасы
Дареги, телефону
Иштеген жери
Жиберилген күн
Келген күндөрү
Сабактардын темалары
Алып баруучунун колу
Катышуучунун колу
Эскертүү
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 358 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо системасын өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын…Постановление · 20.05.2026 · № 358
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 390 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 01.08.2019 · № 390 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.