# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 7-сентябрындагы ПБ № 303 буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 7-сентябрындагы ПБ № 303 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 303
- Кабыл алынган күнү: 07.09.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.09.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14840>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-1070/edition/294951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14840.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.09.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 7-сентябрындагы ПБ № 303 буйругу (07.09.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14840

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 7-сентябрындагы ПБ № 303

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

«Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик

администрация жөнүндө» Кыргыз Ресубликасынын Мыйзамына жана ага

негизделген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Талас областынын Талас шаарынын мэрин

шайлоо 2005-жылдын 10-сентябрына дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Талас областынын Талас шаарынын мэринин

кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын

Президетинин өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Президетинин

Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты

бөлүмүнүн инспектору Баймуратов Калдарбек Шакирович дайындалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү

боюнча Борбордук комиссиясы Талас шаардык кењеши менен бирдикте Талас

областынын Талас шаарынын мэрин шайлоону Кыргыз Республикасынын

мыйзамына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана

мамлекеттик-башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
