# Кыргыз Республикасынын Президентинин миледтин аткаруучунун 2005-жылдын 7-июлундагы ПЖ № 247 буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин миледтин аткаруучунун 2005-жылдын 7-июлундагы ПЖ № 247 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 247
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14832>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-1062/edition/294941/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14832.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин миледтин аткаруучунун 2005-жылдын 7-июлундагы ПЖ № 247 буйругу (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14832

---

КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 173 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 7-июлундагы ПЖ № 247

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Президентин алдыда турган мөөнөтүнөн мурда

шайлоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефереыдум

өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын торагасынын кайрылуусун эске

алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасына, мүчөлөрүнө жана

аппаратынын кызматкерлерине алардын кызматтык милдеттерин аткарышына

тоскоол болууга же кимдир-бирөөнүн пайдасына чечим кабыл алууга мыйзам

менен тыюу салууну жана аларга карата зомбулук аракеттерди жасоого

жана мазактоого жол бербөө максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын өзүнчө

администрациялык имаратка көчкөндүгүнө байланыштуу:

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясынын Бишкек шаары, Биринчи май району, Раззаков

көчөсү, 59 дареги боюнча жайгашкан администрациялык имаратынын жана

ага жамаатгаш аймактын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биринчи

кезектеги иш-чараларды көрсүн;

- бул администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Ички иштер

министрлигинин кайтаруусуна өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз

Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук

комиссиясынын администрациялык имаратын кайтарууда белгиленген

тартипте өткөрүү режимин жүргүзсүн.

3. Мындай чаралар Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо

аяктаганга чейин колдонула тургандыгы аныкталсын.

4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана укук

коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн.

5. Бул буйрук кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдетин аткаруучу К.Бакиев
