Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин миледтин аткаруучунун ПЖ № 247 буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Президента КР от 8 сентября 2023 года РП № 173 (О признании утратившими силу некоторых распоряжений Президента Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-08.
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 173 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 7-июлундагы ПЖ № 247
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Президентин алдыда турган мөөнөтүнөн мурда
шайлоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефереыдум
өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын торагасынын кайрылуусун эске
алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасына, мүчөлөрүнө жана
аппаратынын кызматкерлерине алардын кызматтык милдеттерин аткарышына
тоскоол болууга же кимдир-бирөөнүн пайдасына чечим кабыл алууга мыйзам
менен тыюу салууну жана аларга карата зомбулук аракеттерди жасоого
жана мазактоого жол бербөө максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын өзүнчө
администрациялык имаратка көчкөндүгүнө байланыштуу:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук комиссиясынын Бишкек шаары, Биринчи май району, Раззаков
көчөсү, 59 дареги боюнча жайгашкан администрациялык имаратынын жана
ага жамаатгаш аймактын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биринчи
кезектеги иш-чараларды көрсүн;
- бул администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Ички иштер
министрлигинин кайтаруусуна өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз
Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук
комиссиясынын администрациялык имаратын кайтарууда белгиленген
тартипте өткөрүү режимин жүргүзсүн.
3. Мындай чаралар Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо
аяктаганга чейин колдонула тургандыгы аныкталсын.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана укук
коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн.
5. Бул буйрук кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.