Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПБ № 15 буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 14-январындагы ПБ № 15
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жетекчи курамын сунуш
кылуу жана дайындоо жол-жобосун тартипке салуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 31-декабрындагы
№323 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттун төртүнчү абзацындагы «25» деген сан «17», «21» деген сан
«13» деген сан менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 11-июнундагы
№191 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган буйругу
менен дайындалуучу, бекитилүүчү, сунуш кылынуучу жана бошотулуучу
кызмат орундарынын Тизмесинин «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук
кењеши, Коргоо министрлиги, Улуттук гвардиясы, Мамлекеттик күзөт
башкармасы, Ички аскерлери» деген VI бөлүк төмөнкү мазмундагы 4-пункт
менен толукталсын:
«4. Аскерлердин тобунун командачысы 2 Б»;
4-13-пунктгар тийиштүү түрдө 5-14-пункттар деп эсептелсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентииин жогоруда аталган буйругу
менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын кадрлар менен иштөөсүнүн Тартибинин «Кыргыз
Республикасынын Президенти дайындай турган кадрлар» деген I бөлүктүн 2-
пунктунун тогузунчу абзацы «коргоо министринин орунбасарлары» деген
сөздөрдөн кийин «аскерлердин тобунүн командачысы» деген сөздөр менен
толукталсын.
3. КыргызРеспубликасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул буйрукка ылайык
келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.