# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 4-январындагы ПБ № 1 буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 4-январындагы ПБ № 1 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 04.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/14802>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-1034/edition/1163198/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/14802.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 4-январындагы ПБ № 1 буйругу (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/14802

---

КР Президентинин 2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 4-январы ПБ № 1

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

"Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик адми- нистрациялар жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясына жана колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген ченемдерге ылайык:

1. Жалалабат областынын Ташкөмүр шаарынын мэрин шайлоо 2005-жылдын

10-январына дайындалсын.

2. Жалалабат областынын Ташкөмүр шаарынын мэринин кызмат ордуна

талапкерлерди сунуш кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн инспектору Карашев Аалы Азимович дайындалсын.

3. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү бо-

юнча Борбордук комиссиясы Жалалабат областынын Ташкөмүр шаардык кењеши менен бирдикте Жалалабат областынын Ташкөмүр шаарынын мэрин шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштурсун.

4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам- лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
