# Закон КР от 1 июля 2004 года №81 " О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.07.2004
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1480>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1417/edition/284612/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1480.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 1 июля 2004 года №81 " О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных пособиях в Кыргызской Республике" (01.07.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1480

---

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы N 318 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары 2004-жылдын 1-июлу № 81

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1480/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 4, 116-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

### [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1480/st-21)

төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи бөлүктөр менен толукталсын: "Мамлекеттик пособиелерди төлөөгө тиешелүү суммалар, мамлекеттик пособие алуучулардын коммуналдык-техникалык тейлөө кызматтары (суу менен камсыздоо, суу берүү, таштандыларды чыгаруу, подъездерди, үйлөрдүн чатырын оңдоо, газ, электр жана жылуулук кубаты, телефондук тейлөө кызматтары ж.б.) үчүн салыктар жана жыйымдар боюнча карыздарын, жогоруда аталган тейлөө кызматтарын көрсөтүүчү ведомстволордун республикалык бюджетке болгон карызын жоюунун эсебинен кайтарылма каржылоо жүргүзүү жолу менен жоюу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Бул статьялардын ченемдерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1480/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркинтоо" гезитинин 2004-жылдын 9-июлундагы № 53 санында жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

2004-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
