7-статья. Арыз берүү
Күчүн жоготкон · 29.03.2019 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 марта 2019 года № 40.
7-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 7-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Товарларды жөнөтүү аркылуу олуттуу зыян келтирүү же олуттуу зы-
ян келтирүү коркунучунун фактылары боюнча териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө
арыз ушул сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товарлардын ата мекендик
өндүрүүчүлөрү тарабынан же алардын атынан ыйгарым укуктуу органга бери-
лет.
2. Арыз төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- арыз берүүчүнүн атын жана арыз берүүчү чыгарган ушул сыяктуу то-
варлардын наркы жана көлөмү жөнүндө маалыматтарды;
- товарлардын толук сүрөттөлүшүн, ал чыгарылган же экспорттолгон
өлкөнүн же өлкөлөрдүн атын, ошол товардын белгилүү жөнөтүүчүлөрдүн тиз-
месин;
- ошол товардын жөнөтүлүшүн ырастоочу далилдерди, ошол товардын
арыз ээсине белгилүү болгон мүнөзүн жана башка шарттарды;
- абсолюттук жана салыштырмалуу көлөмдөрдө ошол товарды жөнөтүүнүн
темптери жана көбөйүшүнүн өлчөмдөрү, ички рынокто ошол товардын үлүшү
жөнүндө, сатуунун, өндүрүштүн, өндүрүмдүүлүктүн көлөмдөрүндөгү
өзгөрүштөр, кубаттуулуктарынын жүктөлүшү, пайданын жана зыяндардын
өлчөмү, калктын иш менен камсыз болушу жөнүндө маалыматтарды;
- бул товарды жөнөтүүнүн Кыргыз Республикасынын ички рыногунда
ушул сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товардын баасына таасирин жана ти-
йиштүү түрдө далилдер менен ырасталган ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн
мүмкүн болуучу кесепеттерди;
- ушул сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товарлардын бардык белгилүү
ата мекендик өндүрүүчүлөрүнүн тизмесин жана жогоруда көрсөтүлгөн
өндүрүүчүлөрдүн үлүшүнө туура келген ушул сыяктуу же түздөн-түз атаан-
даш товарлардын наркы жана өндүрүү көлөмү жөнүндө белгилүү маалыматтар-
ды.
3. Териштирүү жол-жобосу башталганга чейин кайра ар кандай арыз
алынышы мүмкүн жана мындай учурда арыз берилген жок деп эсептелинет.
4. Кандайдыр бир товарлардын жөнөтүлүшүнөн улам олуттуу зыян кел-
тирилгендиги же олуттуу зыян келтирүү коркунучу бар экендигинин же-
тиштүү далилдери болгон учурда ыйгарым укуктуу орган кат жүзүндөгү
арызсыз эле өзүнүн демилгеси боюнча териштирүүнүн башталышы жөнүндө че-
чим кабыл ала алат.
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/148/st-7" title="7-статья - Коргоо чаралары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>