# 4-статья. Терминдер жана аныктамалар

- Документ: [Коргоо чаралары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/148)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы №141 "Коргоо чаралары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 31.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/148/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-136/edition/938262/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/148/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коргоо чаралары жөнүндө, 4-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/148/st-4

---

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:

БСУ - Бүткүл дүйнөлүк соода уюму;

Зыян - өнөр жай тармагынын болбосо айрым ата мекендик

өндүрүүчүлөрдүн экономикалык абалынын олуттуу начарлашы.

Убактылуу коргоо чаралары - эркин жүгүртүү үчүн өнөр жайдын ата

мекендик тармактарына же ушул сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товарларды

ата мекендик өндүрүүчүлөргө олуттуу зыян келтириши же мындай зыян кел-

тирүү коркунучун пайда кылуучу санда жана/же шарттарда Кыргыз Республи-

касынын бажы аймагына алынып келинүүчү товарлар үчүн атайын бажы алым-

дарын белгилөө түрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун

негизинде бажы органдары колдонгон администрациялык-каржылык таасир

этүү каражаттарынын жыйындысы.

Таламдаш тараптар - териштирүү заты болуп саналган товарды экс-

порттоочу, чет өлкөлүк өндүрүүчү, товарды импорттоочу же мүчөлөрүнүн

көпчүлүгү мындай товарды өндүрүүчүлөр, экспортоочулар же импортоочулар

болуп саналган соода, өнөр жай ассоциациясы, экспортоочу өлкөнүн

өкмөтү, Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Кыргыз Республикасында ушул сы-

яктуу же түздөн-түз атаандаш товарды өндүрүүчү же соода жана өнөр жай

ассоциациясы, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ассоциациясы.

Коргоо чаралары - эркин жүгүртүү үчүн белгилүү сандарда жана/же

белгилүү шарттарда жөнөтүүгө, тапшырууга атайын бажылык алымдар же кво-

таларды белгилөө түрүндө, өнөр жайдын ата мекендик тармактарына же ата

мекендик өндүрүүчүлөргө ушундай же түздөн-түз атаандаш товардын олуттуу

зыян келтириши же мындай коркунуч келип чыгышы мүмкүн болгондо Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде бажы органдары колдо-

нуучу администрациялык-каржылык таасир көрсөтүүнүн каражаттарынын жы-

йындысы.

Квота - ыйгарым укуктуу орган аныктаган товарды жөнөтүүгө сандык

жактан чектөө, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун неги-

зинде бажы органдары тарабынан киргизилет.

Комитет - БСУнун коргоо чаралары боюнча комитети.

Ата мекендик өндүрүүчүлөр - Кыргыз Республикасынын аймагында иште-

ген, ушул сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товарларды Кыргыз Республика-

сындагы өндүрүүчүлөр.

Ушул сыяктуу товарлар - бирдей же бир тектүү товарлар:

окшош товарлар - бардык жагынан бирдей товарлар;

бир тектүү товарлар - бардык жагынан бирдей эмес, бирок

мүнөздөмөлөрү окшош жана окшош компоненттерден турган товарлар.

Жөнөтүүчү-товарларды өндүрүүчү, экспорттоочу же импорттоочу.

Териштирүү - эркин жүгүртүү үчүн белгилүү санда жана белгилүү

шартта, ушул сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товарларды ата мекендик

өндүрүүчүлөргө олуттуу зыян келтирген же мындай зыян коркунучун түзгөн

кандайдыр бир товарды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып ки-

йирүү жагынан документтерди жана башка далилдерди карап чыгуунун

жол-жобосу.

Атайын алымдар - эркин жүгүртүү үчүн белгилүү санда жана/же бел-

гилүү шарттарда өнөр жайдын ата мекендик тармактарына же ушул сыяктуу

же түздөн-түз атаандаш товарларды ата мекендик өндүрүүчүлөргө олуттуу

зыян келтириши же мындай коркунуч келтириши мүмкүн болгон кандайдыр бир

товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына жөнөтүлгөн учурда бажы

органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде колдоно

турган алымдар.

Зыян коркунучу - өнөр жай тармагынын, болбосо ата мекендик

өндүрүүчүлөрдүн болочокто экономикалык абалынын сөзсүз начарлашы.

Ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн таламдаш

жактардын арызы боюнча болбосо өзүнүн демилгеси боюнча териштирүү

жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/148/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/148/st-5)
